Кыргызстан 6 млн долларга Орусияга балык экспорттоду

16 сентября 2021, 11:54

Кыргызстандын Орусияга болгон экспортунун 2,5% дан бир аз ашыгы балыкты жеткирүүгө туура келген. Мындай маалыматтар республиканын Улуттук статистикалык комитети тарабынан берилди.

2021-жылдын январь-июль айларында Кыргызстан Россия Федерациясына 224 миллион 827,3 миң долларга товар экспорттоду, анын ичинен 6 миллион доллардан бир аз ашыгы балыкты жана андан продуктыларды жеткирүү болду.