Мамлекеттик ипотеканын пайыздык ченин 4% га төмөндөтүү боюнча мыйзам долбоору жактырылды

29 июня 2021, 17:00

Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет мамлекеттик ипотеканын пайыздык ченин 4% чейин төмөндөтүүнү жана баштапкы төлөмдү алып салууну караган мыйзам долбоорун үчүнчү окууда жактырды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жыйында депутаттар “Мамлекеттик ипотекалык насыялоо жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорун үчүнчү окууда карашты.

Эске салсак, мыйзам долбоорунун демилгечиси Жогорку Кеңештин депутаты Аалы Карашев болгон. Түзөтүүлөрдүн алкагында мыйзамдан мамлекеттик ипотекалык насыялар боюнча 10% өлчөмүндөгү базалык пайыздык ченди жана баштапкы төлөө талабын алып салуу сунушталууда.