Өлкөдө эң көп жумушсуздар Жалал-Абад облусунда катталды
Быйыл 1-мартка карата ишке орноштуруу кызматында жумуш издеп каттоодо турган жумушсуздардын саны 96,2 миң адамды түздү. Бул өткөн жылдын ушул күнүнө салыштырмалуу 5,3%га аз.
Анын ичинен 74 миң адам жумушсуз деп катталган.
“Катталган жумушсуздардын жалпы санынын 44,2%ын аялдар түздү. Жалпы жумушчу күчүндө катталган жумушсуздуктун деңгээли 2,8%ды түздү”, - деп кошумчалады Улуттук статистикалык комитет.