Доллардын официалдуу курсу 2.13% төмөндөдү

3 июля 2020, 16:50

Доллардын официалдуу курсу 2.13% төмөндөп, 77.1 сомду түздү. Евронун наркы дагы 2.69% төмөндөп, учурда 86.6 сомдон сатылууда. Андан сырткары, сомдун рублга карата наркы 2.09% жана теңгеге карата - 2.21% жогорулады. Бул тууралуу Улуттук банк маалымдайт. 

 

Коммерциялык банктарда доллар 77 сомдон 77.2 сомго чейин сатылууда. Евро - 86.8 сомдон 88 сомго чейин бааланып жатат. 

 

Орусиянын Борбордук банкы берген маалыматка ылайык, америка долларынын баасы 70.5 рублду, евро - 79.2 рублду түзүүдө. Москва биржасында доллардын баасы 71.1 рубль, евро - 79.9 рубль.

Мунайдын баасы дагы бир аз жогорулады. Азыркы учурда Brent маркасындагы мунайдын баасы 42.6 долларды,  WTI — 40.1 долларды түзүп жатат.