АКШ долларынын расмий курсу сомго карата төмөндөдү

23 июля 2021, 08:44

 

Ушул жылдын 11-июнунан бери биринчи жолу америкалык валюта 1 доллар үчүн 84,4 сомдон төмөн түштү. Мындай тыянактарды Кыргызстандын Улуттук банкынын күнүмдүк валюта курстары жөнүндө маалыматтарынын негизинде чыгарса болот.

Улуттук банктын маалыматы боюнча, 23-июлга карата АКШ долларынын расмий курсу 1 долларга 84,3843 сом деп белгиленди. Коммерциялык банктарда жана алмашуу бюролорунда чет өлкө валюталарын сатып алуу жана сатуу курсу төмөндөдү, эң жакшы сатып алуу курсу - 84,2 сом, сатуу курсу - 84,45 сом.

Кошумчалай кетсек, эң жогорку расмий алмашуу курсу (2021-жылдын 11-июнунан тартып) 8-июлда калыптангандыгын, анда ал 1 долларга 84,8 сомду түзгөн. Ошентип, эки жуманын ичинде америкалык валюта жалпысынан 0,5 пайыздык пунктка арзандады.