Бир жумадан бери евронун сомго карата расмий курсу арзандап жатат
Бүгүн, 28-январга карата евронун сомго карата расмий курсу 1 евро 94,98 сом деп белгиленди, бул мурунку күнгө караганда 0,73 сомго же 0,77% арзандаган. Бул тууралуу Кыргызстандын Улуттук банкынан билдиришти.
21-январда евронун алсызданышы башталып, бүгүнкү күнгө чейин европалык валюта 1,33%га арзандады.
Кошумчалай кетсек, өткөн жылдын 28-январында евронун официалдуу курсу 103 сомду түзгөнүн, башкача айтканда, европалык валюта бир жыл ичинде 7,79%га арзандаган.