Сомдун башка валюталарга карата наркы төмөндөдү

27 октября 2020, 17:20

Сомдун официалдуу курсу башка валюталарга карата төмөндөдү. Доллардын наркы 0.61% жогорулап, 81.1 сомду түздү. Андан сырткары, евро 0.53% кымбаттап — 95.8 сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук банктын маалыматтарында айтылат. 

 

Бул убакыт аралыгында коммерциялык банктарда доллар 81.9 сом, евро 96.9 - 97.3 сом менен сатылууда. 

 

Эске сала кетсек, экономист Нүргүл Акимованын айтымында, сомдун курсуна үч фактор таасир этет: алтынга болгон баа, экспорттун көлөмү жана эмгек мигранттардын акча которуулары. Эгерде бул үч фактордун көрсөткүчү төмөндөсө, улуттук валютанын долларга карата наркы дагы төмөндөйт.