Өкмөт: ишкерликти колдоо жана көмүскө экономика менен күрөшүү боюнча реформа жүрүп жатат

27 августа 2020, 13:10

Салык жол-жоболорун фискалдаштыруу боюнча жүргүзүлгөн реформанын негизги максатты – ишкерликти колдоо жана көмүскө экономика менен күрөшүү. Бул тууралуу премьер-министри Кубатбек Боронов салык жана бажы жол-жоболорун санариптештирүү боюнча Координациялык кеңештин жыйынында билдирди.

 

Өкмөт башчынын айтымында, салыктык процедураларды фискалдаштыруу долбоорунун алкагында бир катар компонеттер киргизилди, алар электрондук эсеп-фактуралар, май куюучу станциялардагы автоматташтырылган система, электрондук товардык коштомо кагаздар, чекене соода кылуучу жайлардын баарына онлайн контролдук-кассалык машиналар орнотуу компоненттери, патент жана камсыздандыруу полиси бир документке бириктирилип, электрондук форматка өткөрүлдү, бажы тармагында инспекциялык кароо комплекстери орнотулду. 

 

«Премьепр-министр бүгүнкү күнү фискалдаштыруунун компоненттеринин эсебинен салыктык төлөмдөр өсө башталганын байкоого болорун кошумчалады. Мындан тышкары жыйындын катышуучулары 2020-жылга салык жана бажы процедураларын санариптештирүү боюнча макулдашылган Жол картасын бекитип беришти», - деп жазылат маалыматта.