Өкмөт: «Жерүй» кенинде курулуш-монтаждоо жумуштары аяктады

23 сентября 2020, 16:30

Талас облусундагы «Жерүй» кенинде курулуш-монтаждоо иштери аяктап, пайдаланууга берүү иштери жүрүүдө. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов брифингде билдирди.

Боронов: «Жерүй» кенин расмий ишке киргизүүнү 2020-жылдын IV кварталынын башына пландалганын айтат. «Буюрса, баары даяр, жакында ачабыз», - дейт ал.

Өкмөт башчы «Терек», «Тереккан» жан «Перевальное» кендеринде алтын өндүрүү фабриканын жана инфраструктуралык объектилердин курулушу башталганын белгиледи.