Өкмөт калктын аярлуу катмарына 10 миң тонна ун таратат

30 марта 2020, 10:45

КР Өкмөтү калктын аярлуу катмарына жардам берүү үчүн бардык резервди пайдаланат. Бул үчүн Мамлекеттик материалдык резервдер фондунан он миң тонна ун даярдалган.

Учурда КР Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги райондордун, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары менен биргеликте кошумча жардамга муктаж жарандардын жаңыланган тизмесин даярдап жатышат, алар ун менен камсыздалышат. Борбордо жана жер-жерлерде ар бир муктаж жаран унутта калбашы үчүн жетекчилер жеке жоопкерчиликти алышат.

Ишкерлер, ыктыярчы уюмдар четте калбаганы кубандырат, алар калктын социалдык жактан аярлуу катмарына активдүү жардам беришүүдө. Өкмөт аларга жигердүү позициясы үчүн ыраазычылык билдирет. Муну менен катар аймактардагы жетекчилерге бизнес-коомчулуктун өкүлдөрүнүн, кайрымдуулук уюмдардын, жарандык кошуундардын социалдык багыттагы демилгелерин жүзөгө ашырууга ар тараптан жардам берүү, ошондой эле гуманитардык жардамдарды чогултуу жана аны муктаж жарандарга таратуу үчүн туруктуу иштей турган аянтчаларды уюштуруу  тапшырмасы берилди.