Өкмөт сериал тартууга 30 млн сом бөлдү

17 января 2020, 16:30

Кыргызстанда тематикалык телесериалдарды тартуу үчүн Маданият, маалымат жана туризм министрлигине 30 млн. сом бөлүндү.

Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 17-январда «Дарак ыры» мюзиклинин авторлору менен жолугушканда айтты.

Өкмөттүн басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, Абылгазиев бул каражат балдарды руханий өнүктүрүү жана тарбиялоо үчүн мамлекеттик буйрутманын алкагында бөлүнгөнүн билдирди.

Тасмада эң башкы үч тема – адам, үй-бүлө, мекен болуш керек. Албетте, негизги принциптер сакталган болсо, жанрлар жана сюжеттер боюнча эч кандай чектөөлөр болбойт, – деди премьер-министр.

Жолугушууда Мухаммедкалый Абылгазиев «Дарак ыры» мюзиклинин режиссеру жана сценаристи Айбек Дайырбековго премьер-министрдин энчилүү саатын тапшырды.

«Дарак ыры» - сүйүү, жаратылыш, салт-санаа темасын камтыган тарыхый мюзикл жана кино дастан. Ал буга чейин бир катар эл аралык сыйлыктарды алган.