Өкмөт мигранттарга мунапыс алуу үчүн Орусия менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө

22 декабря 2020, 15:40

Орусиянын жана Кыргызстандын бийлиги кыргызстандык мигранттарга юридикалык мунапыс берүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Бул тууралуу Артем Новиков түз эфирде билдирди. 

 

 

Анын айтымында, азыркы учурда Кыргызстандын өкүлдөрү Орусиянын бийлиги менен биргеликте бул маселенин үстүндө иштеп жатышат. 

 

«Орусиядагы кесиптештер кичинекей админстративдик бузуулар үчүн эле өлкөгө кирүүгө тыюу салган  – бул өтө катаал жаза экенин түшүнүп жатышат», – деп билдирген Артем Новиков. 

 

Кыргызстандын жарандары үчүн юридикалык амнистияны Россия акыркы ирет 2019-жылдын март айында берген. 

Кошумчалай кетсек, амнистия издөөдө жүргөн жана соттун чечими менен өлкөгө кирүүгө тыюу салынган кыргызстандыктарга тиешеси жок.