Өкмөт ундун баасы эки эсе кымбаттады деген маалыматты чындыкка дал келбейт деп билдирүүдө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Айнуру Алтыбаеванын ундун наркы эки эсе жогорулаганы жөнүндө айткандарына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Апппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү төмөндөгүлөрдү билдирет:
2018-жылдын 1-октябрында республика боюнча 1-сорттогу 1 килограмм ундун баасы орто эсеп менен 23,7 сомду түзгөн.
Учурда, 2019-жылдын октябрь айында республика боюнча 1-сорттогу 1 килограмм ундун наркы орто эсеп менен 28,1 сомду түзүүдө. Ошентип, бир жылдын ичинде биринчи сорттогу 1 килограмм ундун чекене баасы 18,4% га жогорулады.
2018-жылдын октябрь айында республика боюнча 2-сорттогу 1 килограмм ундун баасы орто эсеп менен 17,7 сомду түзгөн.
Учурда, 2019-жылдын октябрь айында республика боюнча экинчи сорттогу 1 килограмм ундун наркы орто эсеп менен 20,3 сомду түзүүдө. Ошентип, бир жылдын ичинде 2-сорттогу 1 килограмм ундун чекене баасы 14,8% га жогорулады.
Баага карата жүргүзүлгөн анализ ундун чекене баасы эки эсе жогорулады деген маалымат чындыкка дал келбешин күбөлөндүрөт.
№ 1 таблица.
Республиканын аймактарындагы ар кандай сорттогу 1 кап ундун баасы
Аймак |
Жогорку сорттогу ун (50 кг /сом) |
1-сорттогу ун (50 кг/сом) |
2-сорттогу ун (50 кг/сом) |
Чүй облусу |
1800 |
1450 |
1000 |
Нарын облусу |
1700 |
1500 |
1000 |
Ысык-Көл облусу |
1800 |
1200 |
1050 |
Талас облусу |
1500 |
1400 |
1200 |
Ош облусу |
2000 |
1450 |
1200 |
Жалал-Абад облусу |
1750 |
1600 |
1350 |
Баткен облусу |
2000 |
1650 |
1200 |