Октябрда 430 млн киловатт-саатка көп электр энергия колдонулган

3 ноября 2020, 13:40

Кыргызстандыктар 2020-жылдын октябрь айында 1 млрд 286 млн 78 мин киловатт-саат электр энергия колдонушкан. Бул тууралуу ААК «Кыргызстан Улуттук электр тармагынан»  билдиришти.

 

2019-жылдын ушул эле мезгилинде 1 млрд 77 млн 917 миң киловатт-саат электр энергия колдонулган. 

Белгилей кетсек, октябрь айында электр энергия сентябрга салыштырмалуу көп колдонулган. Сентябрда 856 млн 23 миң киловатт-саат электр энергия иштетилген.