Октябрда Кыргызстан 400 млн сом дивиденд алууну пландоодо

20 октября 2020, 10:00

Салык эмес кирешелерден бюджетке октябрь айында 910 млн 165.5 миң сом киреше түшкөн. Бул тууралуу финансы министрлиги билдирди. 

Анын ичинен 43.9% — акциялардын мамлекеттик пакетине чегерилген дивиденддер (400 млн сом). Сентябрда сумманын көлөмү 685.4 млн сомду түзгөн. 

Эске сала кетсек, үстүбүздөгү жылы ААК Эл аралык «Манас» аэропорту 18 млрд сом дивиденд төлөйт. Бул чечим компаниянын акционерлери тарабынан кабыл алынган.