Октябрь районунан дээрлик 193 млн сом салык чогултулду
Жыл башынан бери Октябрь районунун жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнө салык төлөм жана жыйымдардан 193 млн 443 миң сом чогултулган. Бул тууралуу мэриянын сайтында маалымдалат.
Белгиленгендей, 2021-жылы эки айдын жыйынтыгы менен 190 млн 189 миң сом чогултулган жана план 2% көп аткарылды.
Кошумчалай кетсек, райондук кызматтар жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн аткаруу боюнча күчөтүлгөн жумуш аткарышууда.