Октябрда коронавирус менен күрөшүү үчүн 360.5 миң сом бөлүнгөн

10 ноября 2020, 15:50

Октябрь айында коронавирус менен күрөшүү үчүн 360.5 миң сом бөлүнгөн. Бул тууралуу Help.Covid.kg сайтында маалымдалат. 

Коронавирус илдети азырынча басаңдай элек, бирок оору менен күрөшүүгө бөлүнгөн каражаттын көлөмү азайууда. 

Пандемия башталган күндөн тарта 171.6 млн сом которулган. Бул каражаттын ичинен басымдуу бөлүгү Саламаттык сактоо тармагына  — 141.9 млн сом түшкөн. 

Азыркы учурда кайрымдуулуктан түшкөн каражаттан 7.9 млн сом калган, анын ичинен 1.2 млн сом Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинде, калган 6.7 млн сом Саламаттык сактоо министрлигинин эсебинде. 

Кошумчалай кетсек, акыркы эки ай ичинде Саламаттык сактоо министрлиги коронавирус менен күрөшүү үчүн 1.3 млн сом короткон.