Окуу процесси окуу жылынын биринчи чейрегинде дистанттык формада уюштурулат

21 августа 2020, 12:45

Мектептерде окуу процесси 2020-2021-окуу жылынын биринчи чейрегинде дистанттык формада уюштурулат. Бул тууралуу билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Джусупбекова брифинг учурунда маалымдады. 

 

 «Кыргызстандагы мектептерде окуу процесси 2020-2021-окуу жылынын биринчи чейрегинде дистанттык формада уюштурулат. 1-класстарда гана салттуу форматта, бирок санитардык-гигиеналык талаптарды сактоо менен жана атайын иштелип чыккан нускамалардын негизинде окуу процесси уюштурулат. Билим берүү тармагындагы кызматкерлерге, педагогдорго, окуучуларга, ата-энелерге ар тараптуу кѳмѳк кѳрсѳтүү максатында атайын сунуштамалар жана нускамалар иштелип чыкты», - деп билдирди билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Джусупбекова.