Эртең 19-мартта өлкөгө кичи ажылыктан 100 адам келет

18 марта 2020, 17:00

Эртең, 19-март күнү өлкөгө кичи ажылыктан (умра) 100 адам келет. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Төлө Исаков өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында билдирди.

Ал белгилегендей, алардын баары карантинге алынат.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда Сузак районунда (Жалал-Абад облусунда) үч адамда коронавирус аныкталган. Алар 12-март күнү Сауд Арабиясынан келишкен. Мындан улам Сузак районунда өзгөчө кырдаал жарыяланган.