Өлкөдөгү кырдаалды курчуткан маалымат каражаттарына көзөмөл киргизилди

9 октября 2020, 17:40

Бишкекте өзгөчө абал режими киргизилгенден тарта массалык маалымдоо каражаттары дагы көзөмөлгө алынат. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбековдун 9-октябрда кол койгон жарлыгында маалымдалат.

Андан сырткары, байланышты колдонуу боюнча өзгөчө эрежелер киргизилүүдө. 

Өзгөчө абалдын айрым пункттарында транспорттордун, анын ичинде чет өлкөлүк автоунаалардын кыймылына чектөө коюлган. Дипломатиялык кызматтан сырткаркы унаалар текшерилет. 

Өзгөчө абал 21-октябрга чейин киргизилди.