Өмүрбек Бабанов Саламаттыкты сактоо министрлигине 3 млн сом бөлүп берет

19 марта 2020, 10:45

«Республика» саясий партиясынын мрунку лидери Өмүрбек Бабанов элди коронавирус илдети менен бирге күрөшүүгө чакырып, өз эсебинен 5 млн сом жардам көрсөтөрүн Фейсбук социалдык баракчасы аркылуу билдирди. 

Бабановдун билдирүүсүндө, 3 млн сом Саламаттык сактоо министрлигине дарыгерлердин эмгек акысына которулуп берилет. Ал эми 2 млн сом 2 000 пенсионерге тийиштүү дары-дармек алуу учүн 1000 сомдон берүү ниетин билдирген.

 

 

Кечээ 18-март күнү, «Бир Бол» саясий партиясы бир айлык эмгек акыларын толугу менен Саламаттыкты сактоо министрлигине өткөрүп берүү чечимин  билдиршикен.