Өмүрбек Текебаев Кыргызстандын Германиядагы элчиси болуп дайындалды

3 февраля 2022, 14:22

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Өмүрбек Текебаев Кыргызстандын Германиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин расмий сайтына жарыяланды.

Эске салсак, буга чейин бул кызматты Эрлан Абдылдаев аркалап келген. Бүгүн, 3-февралда президент жарлыкка кол койду, ага ылайык, ал ээлеген кызматынан бошотулду.