2020-жылы онлайн-оюн жана дүкөндөргө кыргызстандыктар 541 млн сом коротушкан
2020-жылдын январь-июнь айларында кыргызстандыктар онлайн-магазин, оюн жана социалдык тармакка 418 миң операция жүргүзүшүп, 541 млн сом коротушкан. Бул тууралуу Улуттук банк маалымдады.
Регулятордун айтымында, I кварталда интернет тармактарындагы төлөм 283 млн сомго жеткен.
II кварталда төлөмдөрдүн суммасы 258 млн сомго жеткен. Анын ичинен:
- интернет-дүкөндөр – 177 млн;
- онлайн-оюндар – 39 млн сом;
- онлайн тиркемедеги эсеп – 38.2 млн;
- социалдык тармак – 3.4 млн сом.
Белгилей кетүүчү нерсе 2020-жылдын I жарым жылдыгында кыргызстандыктар төлөм терминалдары аркылуу 72.4 млн операция жүргүзүшүп, 19.4 млрд сом которушкан.