Онлайн насыялар 89 миң кардарды күрөөканаларга жана микрокредиттик уюмдарга тартты

11 мая 2022, 14:54

Былтыркы жылы банктык эмес финансы-кредиттик уюмдардын кызматтарынан 698 миң кардар пайдаланган. 2020-жылга салыштырмалуу 14,6%га же 89 миң кардарга өсүү байкалды.

Кардарлардын өсүшү, Улуттук статистикалык комитеттин эксперттери белгилегендей, банктык эмес кредиттөө чөйрөсүндө насыяларды аралыктан берүүнүн жөнөкөйлөштүрүлгөн системасынын пайда болушу менен шартталган.

2021-жылы республикада 580 банктык эмес финансы-кредиттик уюм, анын ичинде 317 ломбард, 156 микрокредиттик уюм, 106 кредиттик союз жана бир адистештирилген финансы-кредиттик уюм иштегендигин кошумчалайбыз. Алардын жалпы өлкө боюнча 344 филиалы бар. Тармакта 5 миңден ашык адам иштейт.