КР өнөр жай өндүрүшүнүн жалпы көлөмү 20,7 пайызды түздү

13 февраля 2020, 17:45

КР өнөр жай өндүрүшүнүн жалпы көлөмү 20,7 пайызды түздү. Бул тууралуу Өнөр жай, энергетика жана жер байлыктарын колдонуу мамлекеттик комитетинин коллегиясында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди.

«Өнөр жай өндүрүшүнүн жалпы көлөмү 20,7 пайызды түздү, анын ичнен 18 пайыздан көбүн «Кумтөрдүн» үлүшү түзөт. 2019-жылы өлкө аймагы боюнча 173 ишкана ишке кирген, аны менен 3 миң жаңы жумуш орундары түзүлгөн. Аталган ишканалардын үчөөнө гана ведомствонун тиешеси бар, калганы- өлкөдө бизнес жүргүзүү шарттарын жакшыртууга багытталган аракеттердин жыйынтыгы. Бул ведомствонун өз милдеттерин аткарбай жаткандыгынан кабар берет. Инвесторлор менен жергиликтүү калктын ортосунда пайда болуп жаткан түшүнбөстүктөр дагы начар иш алып баруунун жыйынтыгы, анткени көпчүлүк учурда тиги же бул ишкананын өлкө үчүн кандай пайда алып келери тууралуу калктын маалыматы жок»,- деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Ошондой эле өкмөт башчы тоо кен жана энергетика тармактары экономиканын башкы негиздеринин бирин түзөрүн баса белгиледи.