БУУ жабыркаган кыргызстандыктарды азык-түлүк менен камсыздай баштады

20 сентября 2022, 10:03

Бир күн мурун, 19-сентябрда Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев БУУнун системасынын Кыргызстандагы Туруктуу координатору Антье Граве менен жолугушту. Бул тууралуу дипломатиялык өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди.

Антье Граве өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү координациялык тобунун жабыркаган калкка гуманитардык жардам көрсөтө турганын айтты.

Ал ошондой эле жабыркагандар үчүн азык-түлүк жана эң керектүү буюмдарды жеткирүүнүн башталышы жана Кыргызстандын эвакуацияланган жарандарынын негизги муктаждыктарын аныктоо үчүн БУУнун баалоо комиссиясынын келери тууралуу маалымат берди.