ОПЕК+ өлкөлөрү мунай казуунун көлөмүн жогорулатат

5 апреля 2021, 12:15

ОПЕК+ өлкөлөрү мунай казуунун көлөмүн ушул жылдын май, июнь айларында бир млн баррелден дагы жогорулатат. Тиешелүү чечим ОПЕК+ өлкөлөрүнүн 1-апрелде өткөн жыйынында кабыл алынды. Бул тууралуу Казакстандын энергетика министрлиги билдирди. 

 

Жыйында мунай казуунун көлөмүн май айында суткасына 350 миң баррелге, июнь айында 350 миң, июль айында 450 миң баррелге чейин жогорулатуу боюнча чечим кабыл алынды. 

Белгилей кетсек чечим кабыл алынган соң,  мунайга болгон баа 0.98% жогорулап, Brent маркасындагы мунайдын баасы 63.8 долларга жетти.