ОПЕК Талас—Тараз—Суусамыр унаа жолун оңдоого 15 млн доллар бөлөт

15 мая 2023, 12:00

Ислам өнүктүрүү банкынын Башкаруучулар кеңешинин 48-ар жылдык жыйынынын алкагында Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев Эл аралык өнүктүрүү фондунун (ОПЕК) башкы директору доктор Абдулхамид Альхалифа менен жолукту. Бул тууралуу Каржы министрлигинен билдиришти. 

Ошондой эле, бул жолугушууга Каржы министри Алмаз Бакетаев да катышты. Анда тараптар "Талас-Тараз-Суусамыр унаа жолун реконструкциялоо" долбоору боюнча 15 млн. долларга бааланган келишимге кол коюшту. 
 
Белгилей кетсек, аталган долбоордун максаты - Кыргызстандын жалпы пайдалануудагы унаа жолдорунун тармагын өнүктүрүү жана өркүндөтүү. Тактап айтканда, эл аралык жана мамлекеттер аралык мамилелерди жана сооданы, экономиканы өнүктүрүүнү камсыз кылган Суусамыр-Талас-Тараз маанилүү жолдорунун бирин жакшыртуу, аймактын өсүшү, жашоо сапатын жогорулатуу жана унаа транспортунун коопсуздугун камсыз кылуу болуп саналат. 

Бул жол Талас облусун Кыргызстандын Чүй, Жалал-Абад жана Ош облустары менен, Казакстандын түштүк аймактары менен байланыштырат.