Бажы кызматы 500 миң сомдон ашык мыйзамсыз товарды аныктады

11 января 2023, 16:31

Ушул айдын 9-январында Оперативдүү бажысынын кызматкерлери аткезчилик менен ташылып келе жаткан чоюн жана алюминий казан буюмдарын колго түшүрдү. Бул тууралуу Бажы кызматынын басма сөз кызматы билдирди. 

Мыйзамсыз товарлар Ош-Баткен унаа жолунун Ош облусунун Ноокат районунан келе жаткан. Товар буюмдары Кыргызстанга мыйзамсыз Mercedes-Benz үлгүсүндөгү унаа менен ташылып келинген. 

Унааны текшерүүдө 364 даана чоюн жана алюминий казандары табылган. Товардын алдын ала баасы 557 030 сомду түзөт. 

Аткезчилик менен келген товарлар Кыргызстандын аймагына эч кандай документтери жок алынып келинген. Бул окуя боюнча материалдар Ош облусунун Транспорт прокуратурасына өткөрүлүп берилди.