Депутат: нак төлөм – коррупциянын бирден-бир жолу болуп эсептелинет

22 октября 2019, 14:30

Кыргызстанда наксыз төлөмдун үлүшүн көбөйтүү керек. Мамлекеттик кызматтардын акысын накталай төлөө – коррупцияга жол ачат. Бул тууралуу бүгүн, 22-октябрда транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш комитетинин жыйынында депутат Марат Аманкулов билдирди. 

Анын айтымында, транспорт тармагында баары ачык-айкын болуш керек. Анын бирден –бир жолу  төлөө терминалдарын транспорт министрлигинин текшерүү пунктарына орнотуу керек деген сунушун берди.