Төлөм уюмдары аркылуу социалдык медиаларга төлөнгөн акча 27,5 эсе өстү

2 декабря 2022, 16:25

Быйыл июль-сентябрь айларында төлөм уюмдары аркылуу социалдык тармактарга төлөнгөн акчанын көлөмү 16,5 миллион сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук банктын материалдарында айтылат. 

Үч айдын ичинде төлөм уюмдары аркылуу 26,8 миң транзакция жүргүзүлгөн. 

“Акчабардын” эсептөөлөрү боюнча, төлөмдөрдүн бул түрүнүн көлөмү I жана II кварталдарга салыштырмалуу 27,5 эсеге көбөйгөн. Ар бир мезгилде 600 миң сомдон болгон. Былтыр 2021-жылдын үчүнчү кварталына салыштырмалуу сумма 4,1 эсеге, башкача айтканда 4 млн сомго өскөн.