Кийинки жылга минималдуу эсептик кирешенин бир айлык өлчөмү аныкталды

7 октября 2022, 12:20

Кыргызстанда 2023-жылга киреше салыгын эсептөө үчүн минималдуу эсептик кирешенин бир айлык өлчөмү аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан кабарлашты.

Минималдуу эсептик киреше Салык кодексинин 187-беренесинин 4-бөлүгүндө каралган кызматкерлердин кирешелерин кошпогондо жана 6-бөлүгүнүн ченемдеринин өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен иштегендердин алган кирешелерин бардык түрлөрүнө колдонулат.

Минималдуу эсептик кирешенин өлчөмү менен салык кызматынын сайтынан таанышууга болот.