Ветеринария жаатындагы референттик лабораторияларга талаптар аныкталды

15 декабря 2022, 14:23

Евразия экономикалык комиссиясынын кеңеши Ветеринардык көзөмөлдүн жүрүшүндө лабораториялык изилдөөлөрдү уюштуруу эрежелерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жана аларды бул багыттагы референттик лабораторияларга бирдиктүү талаптар менен толуктоо чечимин кабыл алды. Бул тууралуу аталган уюмдун сайтына жарыяланды. 

Талаптар ЕАЭБ өлкөлөрүнө лабораториялардын функционалдык мүмкүнчүлүктөрүн баалоодо бирдиктүү ыкмаларды колдонууга, алардын ичинен эталондук функцияларды берүү үчүн борборлорду тандоого мүмкүндүк берет.

“Бул жүргүзүлүп жаткан изилдөөлөрдүн жыйынтыктарынын ишенимдүүлүгүн жогорулатууга, ошондой эле тараптардын ыйгарым укуктуу органдары тарабынан өз ара жана эл аралык соодага негизсиз тыюу салууларды жана чектөөлөрдү киргизүү тобокелдиктерин минималдаштырууга жардам берет”,- деп айтылат маалыматта. 

Мындан тышкары, киргизилип жаткан өзгөртүүлөр документтин концептуалдык аппаратын жаңылоону жана үлгүлөрдү алуу актыларынын формаларын шайкеш келтирүүнү карайт.

Эрежелердин жаңы редакциясы расмий жарыяланган күндөн тартып 30 календардык күндөн кийин күчүнө кирет.