«Оптима Банк»: башка банкоматтардан акча алуу үчүн комиссиянын көлөмү 5 эсе төмөндөдү

2 сентября 2020, 10:00

«Оптима Банктын» Visa картасы аркылуу башка банкоматтардан акча каражатын алуу үчүн комиссиянын көлөмү беш эсеге төмөндөтүлдү. Бул тууралуу банктын сайтында маалымдалат. 

 

1-сентябрдан тарта «Оптима Банктын» Visa картасы аркылуу башка банкоматтардан накталай каражат алуу үчүн 50 сом комиссия алынат. 

«5 миң сомго чейин 50 сом, андан жогору суммага комиссия 1% баштап эсептелет», —  деп белгилешти банктан. 

Эске сала кетсек, буга чейин Оптима банктын картасы аркылуу башка банкоматтардан акча алганда 250 сом комиссия алынчу.