«Оптима Банк» Кыргызстандын бурмаланган картасын жарнамада колдонгону үчүн жазаланат

1 декабря 2021, 13:58

Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги kg зонасында интернетте тараган жарнактарга мониторинг жүргүзүү учурунда “Оптима Банктын” расмий сайтында Кыргызстандын бурмаланган картасы тартылган жарнактар ​​тараган фактысын аныктады.

Тактап айтканда, картага Баткен облусунун Ак-Сай айылы республиканын аймагына кирген эмес.

Мунун негизинде Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги тарабынан "Оптима Банк" ААКсына карата Кыргыз Республикасынын "Бузуулар жөнүндө" кодексинин 277-беренесинин талаптарын бузуу боюнча протокол түзүлдү.