«Оптима Банк» доллар менен еврону накталай алуу үчүн комиссияны көбөйттү

7 июля 2022, 11:57

“Оптима Банк” филиалдарында жана POS-терминалдарында доллар жана евро алуу үчүн комиссияны 3%га чейин жогорулатты. Бул тууралуу банктын сайтында маалымдалды.

Банк төмөнкү тарифтерди белгилеген:

  • жеке адамдардын талап кылуу эсептеринен жана юридикалык жактардын/жеке ишкерлердин эсептешүү эсептеринен мурда салынган накталай акчадан ашыкча нак чет өлкө валютасын берүү үчүн - 3%;
  • банктын POS-терминалдарындагы картадан АКШ долларында акча каражаттарын чыгаруу үчүн айына 5 миң доллардан ашкан суммадан 3%;
  • картаны көрсөтпөстөн банктын кассасынан АКШ долларында акча каражаттарын алуу үчүн - 3%.

Белгилеп кетсек, буга чейин Улуттук банк Кыргыз Республикасында накталай жана накталай эмес долларга карата ар кандай курстар белгиленгенин мойнуна алган. Нак чет элдик валютанын жетишсиздиги байкалган кээ бир банктар акчаны накталай берүү үчүн комиссия түзгөн.