«Орок кирпич заводуна» мыйзам бузгандыгы үчүн айып салынды

20 февраля 2024, 13:07

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы Сокулук районунун Жал айылында жайгашкан "Орок кирпич заводу" ЖЧКсына  контролдук текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу Экология министрлигинен билдиришти. 

Текшерүүдө аталган завод мурда кетирген укук бузуулардын үстүнүн иштеген эместиги аныкталган.  

Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча өлкөнүн укук бузуулар жөнүндө кодексинин 434-беренесине ылайык, укук бузуулар жөнүндө протокол түзүлгөн. 

“Укук бузуу иши боюнча 13 миң сом айып пул салынды. ЧГТО (чаң-газ тазалоочу орнотмолор) орнотулганга чейин  жана мурда белгиленген укук бузууларды четтетүүгө чейин "Орок кирпич заводу" ЖЧКнын ишмердиги  убактылуу токтотулду”, - деп айтылат маалыматта.