Юстиция министрлигине жаңы орун басар дайындалды
Юстиция министринин жаңы орун басары болуп Орозбек Сыдыков дайындалды. Тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койду. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Сыдыков 2014-жылдан бери Юстиция министрлигинде иштеп, аталган башкармалыкта ар кандай жетекчилик кызматтарда иштеп келген.