Орто-Токой кичи ГЭСин курууга 36 млн доллар бөлүнөт

28 марта 2023, 13:06

Орто-Токой кичи ГЭСинин курулушуна 36 миллион доллар жумшалат. Бул тууралуу “Чакан ГЭС” ишканасынан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, станцияны Кыргызстан менен Кытай биргеликте курат. 

“Жалпы кубаттулугу 21 мегаватты  түзгөн үч гидроагрегаттуу станция өлкөнүн суу ресурстарын туура колдонууга мүмкүнчүлүк берет. Аталган ГЭС Орто-Токой суу сактагычында курулат”, - деп айтылат Энергетика министрлигинин маалыматында.