Орусия апрель айынан тарта маркасыз товарды кабыл албайт

13 марта 2024, 16:40

1-апрелден тарта Орусияга маркалоодон өткөн жеңил өнөр жай товарлары гана киргизилет. Бул тууралуу Кыргызстандын Мамлекеттик салык кызматы билдирди. 

Андыктан экспортерлор жана өндүрүүчүлөр маркалоо коддоруна заказ бериши керек. Аны бул тармактагы атайын оператордун main.teksher.kg сайтынан заказ берсе болот.

Мындан тышкары, "Атыр жана даараткана сууларына", "Фотоаппараттарга жана лампа-жарыктарына", "Бут кийимдерге" жана "Сүт азыктарына" маркалоо коддорун алууга болот.

Белгилеп кетсек, 2024-жылдан тарта Орусияда бардык товарларга маркалоо милдети киргизилди.