Орусия өкмөтү региондорду колдоо максатында 13.9 млн $ бөлөт

25 мая 2020, 11:30

Орусия бийлиги региондорду колдоо максатында 100 млрд рубль (13.9 млн доллар) каражат бөлөт. Бул тууралуу  Орусия өкмөтүнүн басма сөз кызматы билдирди. 

 

 

Тиешелүү буйрукка премьер-министр Михаил Мишустин кол койгон. 

Маалыматка ылайык, бөлүнгөн каражаттар 56 субъектиге бериле баштайт.  

Бул кадам, эпидемияга байланыштуу экономикалык чектөөлөргө дуушар болгон субъектилерди колдоо ирээтинде жасалууда.