Орусия ЕАЭБ өлкөлөрүнө дан экспорттоого чектөөнү алып салды

5 апреля 2022, 11:40

Орусия ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспорттоого мурда киргизилген тыюуну алып салды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аларга үрөндүк буудай, үрөндүк кара буудай, арпанын үрөнү жана жүгөрү үрөнү кирет.

Эске салсак, 14-мартта Россия Федерациясы “ички азык-түлүк рыногун тышкы чектөөлөрдүн шартында коргоо үчүн” 30-июнга чейин ЕАЭБ өлкөлөрүнө дан экспорттоого убактылуу тыюу салган.