Орусиянын экономикасы 18 трлн рублга чейин жоготууга учурашы мүмкүн

16 апреля 2020, 16:20

Карантин учурунда орусиянын экономикасы 18 трлн рублга (дээрлик 242 млрд $) чейин жоготууга учурашы мүмкүн. Бул тууралуу Forbes порталы өлкөнүн Улуттук рейтинг агенттиги берген маалыматка таянып, жазып чыкты. 

Муну менен катар 15.5 млн жаран жумушу жок калышы күтүлүүдө. 

Агенттиктин чыгарган жыйынтыгына ылайык авиаташуу, маданият, мейманкана бизнеси, коомдук тамактануучу жайлар, кошумча билим берүүчү тармактар, конференция жана көргөзмө уюмдары, турмуш тиричилик кызматын көрсөткөн тармактар көбүрөөк жабыр тартышкан. Аталган тармактар кошумча дүң структурасынын 16% камсыз кылышат. 

Тактап айтканда, мейманкана жана коомдук тамак-ашты тейлөөчү ишканалар -89.3%, ар түрдүү кызматтар - 77.5%, кийим, булгаары жана бут кийим өндүрүүчүлөр - 52.7%, маданият, спорт, көңүл ачуучу жайлар -46,1% чейин ишмердүүлүктөрү төмөндөгөн.