Орусияда жумушчу эмес күндөр 30-апрелге чейин узартылды

3 апреля 2020, 13:00

Россиянын президенти Владимир Путин орусиялыктарга кайрылып жатып жумушчу эмес күндөр  2020-жылдын 30-апрелине чейин узартыларын билдирди. Бул тууралуу vc.ru порталы билдирди. 

«Эпидемиянын туу чокусу дүйнө жүзүндө, анын ичинде биздин өлкөдө дагы кете элек», — деп билдирди Владимир Путин. 

Бул күндөрү бийлик органдары, үзгүлтүксүз иштеген ишканалар, дарыкана, оорукана, азык-түлүк саткан дүкөндөр иштей алат. 

Андан сырткары, учурда убактылуу ишин токтоткон компаниянын ээлери кызматкерлерине эмгек акы төлөп берүүгө тийиш жана орусиялыктар дистанттык түрдө иш алып бара алышат.