Орусия менен Кыргызстан аба каттамдарын калыбына келтирүү маселесин талкуулашты

11 августа 2020, 09:29

10-августта Кыргызстан менен Орусиянын тышкы иштер министрлери Чыңгыз Айдарбеков жана Сергей Лавровдун ортосунда телефон аркылуу сүйлөшүү болуп өттү. Бул тууралуу аталган министрликтен билдирет.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө эки өлкөнүн тышкы иштер министрликтеринин башчылары COVID-19 пандемиясынын терс кесепеттерин жоюу боюнча кызматташуу маселелерин талкуулашты. Ошондой эле эки тараптуу кызматташуунун учурдагы багыттары жана перспективалары, анын ичинде жакынкы аралыкта Кыргызстан менен Орусиянын ортосунда туруктуу авиа каттамдарды калыбына келтирүү жөнүндө пикир алышты.

Кыргыз мамлекетинин тышкы иштер министри орусиялык тарапка коронавирустук инфекция менен күрөшүүдө көрсөтүлгөн гуманитардык жардам үчүн, COVID-19нын жайылышынын жигердүү фазасында баалуу практикалык жана консультациялык жардам көрсөткөн россиялык дарыгерлердин жетекчилигине ыраазычылык билдирди.