Орусия өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө 22.9 млрд доллар өлчөмүндө насыя берген

31 марта 2021, 10:25

2019-жылдын жыйынтыгы менен Орусия өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө 22.9 млрд доллар өлчөмүндө насыя берген. Бул тууралуу РБК Дүйнөлүк банкка таянуу менен билдирди.

 

Эл аралык уюмдун берген маалыматына ылайык, Орусия насыя берүүчү ири беш өлкөнүн катарына кирген. Биринчи орунда 149.1 млрд доллар насыя портфели менен Кытай, экинчиде — 101.7 млрд доллар менен Япония, андан соң Германия — 28.3 млрд доллар, Франция — 27.3 млрд доллар менен турат. Андан соң тизмени Россия толуктайт.

Финансисттер белгилеп кеткендей, Орусия алдында ири өлчөмдө карызы бар – Белорусия мамлекети (8.1 млрд доллар), экинчи орунда Бангладеш — 2.4 млрд доллар менен турат. Андан соң,  Венесуэла ($1.8 млрд), Индия ($1.7 млрд), Вьетнам ($1.6 млрд), Йемен ($1 млрд), Афганистан ($849 млн), Сербия ($769 млн), Украина ($606 млн) жана Сирия ($525 млн) мамлекеттери бар.