Wildberries онлайн-дүкөндүн негиздөөчүсү Орусиянын эң бай айымы деп аталды

20 февраля 2020, 17:00

Wildberries онлайн-дүкөндүн негиздөөчүсү жана ээси Татьяна Бакальчук, Forbes  басылмасынын версиясы боюнча Орусиянын эң бай айымы деп аталды. Бул тууралуу vc.ru  порталы кабарлады.

Басылманын маалыматы боюнча, Бакальчуктун дүнүйөсү Wildberriesдин жүгүртүмү 88 пайызга жогорулагандыгына байланыштуу 400 млн долларга көбөйгөн. Көрсөткүч бир жыл ичинде 223,5 млрд рубльга жеткен. Forbes анын 2020-жылдын 20-февралына карата дүнүйөсүн 1,4 млдр долларга баалаган.

Wildberriesте кошумча акционерлер жок, жалгыз ээси болуп - Татьяна Бакальчук эсептелинет. 

Forbesдин түшүндүрмөсү боюнча Wildberries – бул айкын эмес ишкана болгондуктан баасы сатуулардын жана кирешелердин көлөмү боюнча саналат.