Финкөзөмөл: ОСАГО албаган юридикалык жактар айып пул төлөйт
ОСАГО албаган юридикалык жактар 13 миң сом айып пул төлөйт. Бул тууралуу Финансылык көзөмөл кызматынан эскертишти.
Учурда автоунааларга милдеттүү камсыздандыруу полисин берүү лицензиясы 13 ишканага берилген:
- “НСК” ЖАК;
- “АЮ Гарант” ЖАК;
- “Мамлекеттик камсыздандыруу Уюму” ААК;
- “Кыргызстан” ЖАК;
- “АТН Полис” ЖАК;
- “Алма Иншуренс” ЖАК;
- “Арсеналь-Кыргызстан” ЖАК;
- “Джубили Кыргызстан” ЖАК;
- “А Плюс” ЖАК;
- “Мега Иншуренс” ЖАК;
- “Али-Гарант” ЖАК;
- “Дордой Страхование” ЖАК;
- “Здоровье” ЖАК.
Эске салсак, ушул жылдын 1-апрелинен тарта ОСАГО чет өлкөлүк унаалар жана ишканаларүчүн милдеттүү болуп саналат. Ал эми Кыргызстанда катталган менчик автоунаалар 2024-жылдын 1-январынан тартып милдеттүү камсыздандыруудан өткөрүлүшү зарыл.