Ош аэропортундагы акча алмаштыруучу жайдын лицензиясы алынды

9 апреля 2024, 14:00

Улуттук банк Ош аэропортундагы акча алмаштыруучу жайдын лицензиясын токтотту. Бул тууралуу банкттан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, "Ош" аэропортунун учуп келүү залында жайгашкан "Эсенов" ЖЧКсы мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол берген.

Буга байланыштуу аталган жайдын 2023-жылдын 3-октябрында берилген №6593 лицензиясынын аракети 2024-жылдын 9 апрелинен тартып 15-апрелин кошо алгандагы мезгил аралыгына токтотулду.

Мындан тышкары, мыйзам жана ченемдик-укуктук актылардын талаптарын бузган Бишкек шаарындагы бир алмашуу бюросуна 55 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Ошондой эле борбор калаада мыйзамсыз акча алмаштырган Кыргызстандын төрт жаранынын ар бирине 17 миң 500 сомдон айып пул салынды.