Ош: Айланма жол жээктерине 5 млн сомго парктар курулат
Оштогу “Барсбек” жана “Манастын” эстелиги жайгашкан айланма жолдордун жээгине сейил бактар курулат. Бул тууралуу “Акчабарга” президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Ош шаары менен Кара-Суу районуна чектешкен “Барсбек” жана “Манас” айкелдери жайгашкан айланма жолдордун айланасын жашылдандыруу жумуштары октябрь айында башталат. Курулуш иштерине ички инвесторлор колдоо көрсөтөт. Ага 5 миллион сом каражат бөлүнгөн.
Айланма жолдордогу парктарды эки айдын ичинде ишке берүү пландалууда.